Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Кыргызстан менен Өзбекстандын ректорлорунун форуму өтүүдө
04.10.2023 | 14:02
Ош шаарындагы Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинде Кыргызстан менен Өзбекстандын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өз ишин баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
«Жогорку билим берүү тутумундагы интеграция, кызматташтык жана инновациялар» аталышындагы иш-чарага эки өлкөнүн 70 жакын ЖОЖ ректорлору жана ири билим берүү уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.
Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик ишмер жана дипломат Батыралы Сыдыковдун айкели ачылды.
Маалыматка караганда, форумдун иши коңшу мамлекеттердин жогорку окуу жайлары ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле биргелешкен илимий долбоолорду ишке ашырууга багытталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом