«Билим муз жаргычы» илимий-агартуу долбоорунун жеңүүчүлөрүнүн ысымдары аныкталдыБишкекте муниципалдык унаа токтотуучу жайларда сааттык төлөм системасы сынала баштадыКытайлык ири ишканалар КРде энергетика, курулуш жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга даярКыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган видеороликти сунуштадыКегетидеги каргаша: 6 жаштагы баланын сөөгү табылдыКыргызстандыктар банктарга рекорддук суммадагы акчасын ишенип тапшырышты. Буга эмне себеп болду?
Көмүрдүн баасын атайылап көтөргөндөргө каршы топ түзүлөт
12.11.2021 | 09:54
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров көмүргө карата бааны атайылап жогорулатуунун алдын алуу үчүн мобилдик топ түзүүнү тапшырды. Бул туурасында аталган органдын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, мамлекеттик органдардын транспорттук мүмкүнчүлүктөрүн мобилизациялоо менен облустарга көмүр ташууну уюштурушу керек. Аны менен бардык аймактары көмүр менен 100% камсыздалышы шарт. Бул иштерди аткарууга эки жума убакыт берди.
Муну менен катар Жапаров чиновниктердин шалаакылыгынан улам эл көмүр менен толук көлөмдө камсыз болбой жатканын кошумчалады. Ушул тапта көмүр бийлик койгон чектен ашып жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика