Руслан Бекназаровду экстремист деп камаганыңар уят, — депутат

Руслан Бекназаровду экстремист деп камаганыңар уят, — депутат

Бир пост жазган журналистти экстремист деп камоо туура эмес. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

 “Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып жаткан жыйында депутат  “Эксремизм деген эмне? Кыскача түшүнүк берип койсоңор” — деди.

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Бердибаев экстремизм бул кеңири түшүнүк экенин айтып, “бул чектен чыгуу дегенди билдирет”,  — деди. Ошондой эле, ал диний агымдар боюнча көптөгөн коркунучтар болуп жатканын белгиледи.

“Намаз окубаган, кудайга ишенбеген экстремисттер менен күрөшсөңөр туура болот. Бир пост жазган журналистти экстремист катары кармап жатасыңар. Руслан Бекназаров кичи ажылыкка барган, намаз окуган адам. Аны диний экстремисттик материалды жайылтты деп кармап жатасыңар. Бул уят да. Анда Кыргызстандын жарымын диний эксремист кылып саласыңарбы?”, — деди ал.

Депутат ошондой эле, диний экстремист деген түшүнүккө биринчи туура аныктама берүү керектигин жана динди жайылткан адамдарды эмес, каржы пирамидаларын ачкан адамдарды кармоо керектигин айтты.

Эскерте кетсек, Руслан Бекназаров социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелип,  14-сентябрда суракка чакырылып, андан кийин камакка алынган. 2-ноябрда Биринчи май райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>