Саат 16:00гө карата шайлоого катышкандардын саны канчага жетти?

Саат 16:00гө карата шайлоого катышкандардын саны канчага жетти?

Саат 16:00гө карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо бирдиктүү округ боюнча 829 миң 171 жаран добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 28-ноябрь БШКнын төрайымынын орун басары Тынчтык Шайназаров брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, бирдиктүү шайлоо округу боюнча жалпы 3 млн 703 миң 420 шайлоочунун ичинен 829 миң 171 жаран шайлоого катышкан.  Ал жалпы шайлоочунун 22,39 пайызын түзөт.

«Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  3 млн 619 миң 292 шайлоочунун ичинен 815 миң 896 шайлоочу (22,54%) добуш берди. Ал эми чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 4 миң 689 (5,57%) адам өз тандоосун жасады»,- деди ал.

Айта кетсек, бүгүн Кыргызстанда жана 16 чет өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет. Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия (1004), бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>