Сабыр Жапаровдун сүрөтү: Депутат алтын боюнча түшүндүрмө талап кылды — видео

Сабыр Жапаровдун сүрөтү: Депутат алтын боюнча түшүндүрмө талап кылды — видео

Бүгүн, 8-сентябрда парламент жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо президент Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү боюнча президенттин администрациясынан түшүндүрмө берүүсүн талап кылды.

Жыйында Самыйкожо президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлүнө кайрылып, 7-сентябрда социалдык тармактарда тараган президенттин агасынын сүрөтү боюнча сөз кылды. Депутат президенттин агасынын атын атабастан, кыйытып сүйлөдү.

«Алтын боюнча элдин арасында ар кандай сөздөр чыгып жатат. Уурдалып жатат, башка болду деп жатат. Ушул боюнча маалымат берип койбойбу президенттин аппараты. Чын эле алтынбы же балмуздакпы?! Алтын болсо алтын, балмуздак болсо балмуздак деп маалымат берип коюш керек. Ар кандай маалыматтарга бөгөт коюлушу зарыл. Эл ызы-чууга, ар кандай нерсеге алынып кетип жатат. Муну аппарат көзөмөлгө алып, так маалымат берип койсо, Жогорку Кеңешке келип маалымат берилсе жакшы болмок», — деди ал.

Эскерте кетсек, 7-сентябрда президенттин агасы Сабыр Жапаровдун алтын кармап түшкөн сүрөтү социалдык тармактарга тараган. Ал сүрөт социалдык тармактын колдонуучулары арасында кызуу талкууланып, ар кандай божомолдор айтыла баштаган. Ага байланыштуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берген. Анда ал сүрөт 2016-2017-жылдары тартылганын билдирген. Кийинчерээк ал өз түшүндүрмөсүндө жылдарды туура эмес жазып алганын, бирок сүрөт эски экенин белгилеп, толук маалымат кийинчерээк берилерин жазган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>