Түркияда баласына бычак сайган кыргыз аял 20 жылга камалышы мүмкүн

Түркияда баласына бычак сайган кыргыз аял 20 жылга камалышы мүмкүн

Түркияда 28 жаштагы Элмира Эмарбекова өзүнүн 6 жашар баласынын өмүрүнө кол салууга айыпталып түрмөдө олтурат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында Шарапаткан Мажитова билдирди.

Анын айтымында, күйөөсү менен 2022-жылы ажырашып, бир жолу бою баласын талашып, ортодо чыр-чатактар 28 жаштагы аялды өзүнүн жана баласынын  өмүрүнө кол салууга түрткөн.

“Күйөөсү кызга ар кандай психотроптук дарыларды берип, аны акыл-эсинен айныган адам катары көрсөтүүгө аракет кылган. Кызды өз өмүрүнө кол салууга жеткирген. Элмира өзүнө бычак сайып, уулуна боору ачып, ага дагы сайган. Экөө тең аман калышты, бирок кыз абакка түштү”, — дейт депутат.

Учурда Түркиянын укук коргоо органдары Элмира Эмарбекованын мурдакы күйөөсүнө каршы өз өмүрүнө кол салууга жеткирүү айыбы менен иш козгобой жатат. Ал эми анын өзүнө коюлган айып менен 15-20 жылга эркинен ажыратылышы күтүлөт.

Шарапаткан Мажитова кыргыз кызына жактоочу жалдап жардам берүүнү сунуштайт.

“Кыздын психологиялык абалы өтө оор. Эч кимге ишенбейт. Баласы азыр атасында. Түркия жарандыгын алгандыктан мени менен жолуктурушкан жок. Мамлекеттик жактоочу берилиптир, бирок ал жарытылуу жардамдашпай жатыптыр”, — дейт депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>