Бишкектеги Миңжылкыев көчөсү транспорт кыймылы үчүн ачылдыСоода, кызмат көрсөтүү жана ташуу: Кыргызстандагы чакан бизнес эмне менен алектенетКыргызстан ЖККУнун операциясына катышты: 11,4 тонна тыюу салынган зат алындыКыргызстанда чек арадагы радиациялык көзөмөлдү күчөтүү сунушталууда — толугу мененКыргызстандын чакан жана орто бизнеси 1 трлн сом киреше тапты, анын 77%ы Бишкекке туура келетБишкектин башкы планы өзгөртүлдү, бирок так эмне өзгөргөнү белгисиз, деп билдирди Бекешев
Садыр Жапаров АКШга жумушчу сапары менен барды
19.09.2026 | 10:08

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Америка Кошмо Штаттарынын Юта штатына барды. Солт-Лейк-Сити шаарынын аэропортунан мамлекет башчысын Юта штатынын Сенатынын президенти Стюарт Адамс тосуп алды.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров штаттын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, туризм жана тоолорду туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү америкалык тараптын тажрыйбасы менен таанышат.
Андан соң Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарына жөнөп кетет. Ал жакта БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын жалпы дебаттарына катышат, ошондой эле мамлекет башчылары жана ири америкалык компаниялардын жетекчилери менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат
Теги: Садыр Жапаров