ТИМ: Москвадагы «Сахарово» борборунда Кыргызстандын 233 жараны кармалууда

19.09.2026 | 10:30
ТИМ: Москвадагы «Сахарово» борборунда Кыргызстандын 233 жараны кармалууда — Новости Кыргызстана

Москва шаарындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоочу «Сахарово» борборунда Кыргызстандын 233 жараны кармалып турат, алардын 48и аялдар. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматында, жакынкы аралыкта борбордогу 10го жакын жаранды Кыргызстанга жөнөтүү пландалууда. Жалпысынан 2026-жылдын январь айынан бери Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн бул борбор аркылуу 3 миң 598 кыргызстандык жаран административдик тартипте өлкөдөн чыгарылган.

ТИМ 17-сентябрда Кыргызстандын Орусиядагы Элчилигинин консулу аталган мекемеге барып, борбордун жетекчилиги менен кыргыз жарандарынын укуктарын камсыз кылуу жана аларды мекенине жөнөтүүнү уюштуруу маселелерин талкуулаганын билдирди. Ошондой эле административдик чыгарууну же депортацияны күтүп жаткан мекендештер менен жолугушуу өтүп, кармоо шарттары каралган.

Теги: Москва, ТИМ
Scroll to Top