Садыр Жапаров Бакудагы форумда тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүүнү сунуштады

19.05.2026 | 13:31

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Азербайжандын Баку шаарында өткөн Дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясына катышып баяндама жасады. Иш-чара «Бардыгы үчүн турак жай: коопсуз жана туруктуу шаарлар жана коомчулуктар» темасына арналды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө башчы өз сөзүндө тоолуу аймактардагы шаарларды туруктуу өнүктүрүү маселесине токтолду. Ал климаттын өзгөрүшү тоолуу шаарларга терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Ошондой эле Эл аралык тоолуу шаарлар ассоциациясын түзүүнү сунуштап, уюмдун штаб-квартирасын Бишкек шаарына жайгаштырууга даяр экенин билдирди.

Садыр Жапаров тоолуу аймактардагы шаарлардын абалы тууралуу төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Тилекке каршы, учурда мөңгүлөрдүн эриши, климаттын өзгөрүшү, калктын миграциясы жана экосистемаларга болгон кысым бийик тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда жайгашкан шаарларга терс таасирин тийгизүүдө. Чакан, бирок тарыхы бай жана уникалдуу маданий өзгөчөлүктөрү бар бул шаарлар бир катар кыйынчылыктарга туш болууда».

Ошондой эле ал заманбап шаарлардын экономикадагы орду боюнча пикирин билдирди:

«Бүгүнкү күндө шаарлар экономикалык өнүгүүнүн, инновациялардын жана адам капиталынын борборлоруна айланууда. Ошол эле учурда, шаарлар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине, инфраструктурага басымдын күчөшүнө, турак жай көйгөйлөрүнө жана коопсуздук маселелерине биринчилерден болуп туш болушат».

Эске салсак, аталган форумга 20га жакын мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана 182 өлкөдөн 45 миңден ашуун делегат катышты.

Scroll to Top