Кыргызстанда «Баатыр энелердин» пенсиясына кошумча төлөмдү 5 миң сомго чейин көбөйтүү сунушталуудаМамкатчы Арслан Койчиев кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктадыКыргызстанда күн сайын рактан 10го жакын адам каза болот — депутатКыргызстанда «боз сертификаттарга» көзөмөл күчөтүлөтСадыр Жапаров: Кыргызстан Австриянын банк сектору менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдарЭкономист Төлөнбек Абдыров Кыргызстанга ШКУ банкы эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Президент ИИМдин кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады
19.05.2026 | 13:48

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка кол койду.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, сыйлыктар кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы, кылмыштуулукка каршы күрөшүүгө жана оор кылмыштардын бетин ачууга кошкон салымы үчүн берилди.
«Эрдик» ордени менен сыйлангандар:
- Таалайбек Акунбеков — Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын полковниги;
- Эркин Алагозов — Ички иштер министрлигинин Тез чара көрүүчү атайын отрядынын 4-бөлүмүнүн ыкчам өкүл-жоокери, милициянын подполковниги;
- Самат Алсеитов — Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын IT-технологиялар чөйрөсүндөгү кылмыштардын бетин ачуу бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги;
- Аскар Жыргалбеков — Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, милициянын майору.
«Ардак» медалы менен сыйлангандар:
- Өмүрбек Ашырбаев — Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы, милициянын майору;
- Дамира Мамырова — Ички иштер министрлигинин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын башчысынын орун басары, милициянын подполковниги;
- Асылбек Турганбаев — Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын подполковниги.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом