Садыр Жапаров Дохада Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту  

19.12.2022 | 09:41

Президент Садыр Жапаров 18-декабрда футбол боюнча Дүйнө чемпионаты – 2022 алкагында Доха шаарында Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү эки жана көп тараптуу кыргыз-түрк өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери жөнүндө сүйлөшүштү.

Садыр Жапаров менен Режеп Тайип Эрдоган жогорку саясий деңгээлде активдүү диалогду улантууну шартташты.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 18-декабрда, чет өлкөлөрдүн чакырылган башка лидерлери менен катар Доха шаарында  футбол боюнча Дүйнө чемпионаты – 2022 финалдык беттешине күбө болду. Аргентина менен Франциянын улуттук курамаларынын ортосундагы финалдык беттеш, Аргентинанын курамасынын жеңиши менен аяктады.

[image_carousel source=”media: 169802,169803,169804″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top