Ош шаарында жаңы бала бакча ачылды — сүрөт

Ош шаарында жаңы бала бакча ачылды — сүрөт

Кечээ, 24-декабрда Жапалак айыл аймагына караштуу Арек айылында жаңы бала бакча ачылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди.

Бала бакча 120 орунга эсептелген.

Ачылыш аземге Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, шаардык кеңештин депутаттары, жергиликтүү тургундар катышты.

Венера Рыскулова Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун атынан бул мекеменин ачылышы менен куттуктап, алдыда шаардын билим берүү тармагына көңүл буруу уланарын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>