Садыр Жапаров Дубайга жөнөт кетти (делегациянын тизмеси)

Садыр Жапаров Дубайга жөнөт кетти (делегациянын тизмеси)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин маалыматы кызматынан билдиришти.

Сапардын алкагында Жапаров Дубай шаарында өтө турган Дүйнөлүк өкмөттөр саммитине катышат.

Андан тышкары, Садыр Жапаров БАЭнин жетекчилиги жана ал жактагы компаниялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулайт.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамы:

— министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын БАЭдеги элчиси Абдилатиф Жумабаев;

— Президенттин администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысы Алмаз Исанов;

— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;

— санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>