Жапаров Эрдоганды шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Жапаров Эрдоганды шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганды президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады.

«Урматтуу бир тууганым Режеп Тайип Эрдоган! Сизди президенттик шайлоонун экинчи айлампасындагы ишенимдүү жеңишиңиз менен чын дилимден куттуктайм.

Түркия эли Сизге чоң ишеним артып, өлкөнү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана жарандардын бакубат жашоосун камсыз кылуу жаатындагы багытыңызды колдоп беришти.

Түркия ачык, атаандаштык жана демократиялык шайлоонун үлгүсүн көрсөттү. Биздин өлкөлөр ортосундагы достук жана бир туугандык мамилелер мындан ары да стратегиялык өнөктөштүк жана боордоштук деминде бекемделе берерине толук ишенем», — деп жазды ал.

Эскерте кетсек, 28-майда Туркияда президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болду. Анда бийлик башында турган Режеп Тайип Эрдоган менен оппозициядан талапкер Кемал Кылычдароглу президент болууга ат салышты. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, Эрдоган 52,08% добуш алып, кайра президент болуп шайланды.

Түркияда 14-майда президенттик шайлоонун биринчи туру өткөн. Анда өлкө башчы болууга үч адам ат салышкан: азыркы президент Режеп Тайип Эрдоган, оппозициялык Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу жана АТА альянсынан Синан Оган. Дагы бир талапкер — Мухаррем Инже 11-майда президенттик жарыштан чыкканын билдирген.

Анда эч бир талапкер шайлоочулардын 50%дан ашык добушуна ээ боло албагандыктан, 28-майга шайлоонун экинчи айлампасы белгиленген. Биринчи турда Эрдоган менен Кылычдароглу жарандардын көпчүлүк добушун алган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>