Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Пахалгам шаарында болгон теракттан улам каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
«Пахалгам шаарындагы террордук акттын кесепетинен көптөгөн күнөөсүз адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Бул кылмыш эч кандай актоого жатпайт жана анын уюштуруучулары менен аткаруучулары тиешелүү жазага тартылышы керек деп эсептейбиз. Каза болгондордун үй-бүлөлөрүнүн жана жакындарынын аза кайгыларын тең бөлүшүп, көңүл айтам. Жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм», — деп билдирген өлкө башчы көңүл айтуу телеграммында.
Кечээ, 22-апрелде Индиянын туристтик шаары Пахалгамда терракт болуп, кеминде 26 адам каза болду. DW медиасынын маалыматында, каза болгондордун көпчүлүгү туристтер болгон.