Садыр Жапаров иш сапары менен Арменияга барды

Садыр Жапаров иш сапары менен Арменияга барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-ноябрда Арменияга иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысынын учагы «Звартноц» эл аралык аэропортуна конду. Садыр Жапаровду Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Аэропорттун флагштокторуна Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардак кароол тизилди.

Эске салсак, мамлекет башчысы иш сапардын алкагында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>