Чүйдө кримчөйрөнүн адамдары 3 жаранды сабап кетип, бири ооруканага түштү

Чүйдө кримчөйрөнүн адамдары 3 жаранды сабап кетип, бири ооруканага түштү

Чүй облусунда үч жаранды сабап кеткен кримчөйрөгө тиешеси бар эки адам кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ноябрь айынын башында милицияга аймактык ооруканадан аларга катуу сабалып, мээси чайкалган, бети көк ала болгон 28 жаштагы жаран түшкөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Териштирүү учурунда аныкталгандай, өздөрүн кылмыш дүйнөсүнүн адамдары катары тааныштырган төрт киши Чүй облусунун тургундарына кол салып, сабап кеткен.

«Мас абалында эки унаа айдап бараткан жарандар башка үч жаранга бейбаштык максатында күч колдонуп, күч менен унаага салып, белгисиз тарапка алып кетишкен. Андан соң ээн жерде эч себепсиз сабашкан. Сабалгандардын бирин Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына жеткирип, кетип калышкан», — деп билдирет министрлик.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүгү (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 24 жаштагы Ж.Н. жана 26 жаштагы М.А. аттуу жарандар кармалган.

ИИМдин маалыматы боюнча, кармалгандар мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган жана кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар адамдар. Алар Чүй облусунун Панфилов районунун тургундары болушат.

Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда окуяга тиешеси бар башка жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>