Садыр Жапаров Караколдогу аскер бөлүгүнө барды

Садыр Жапаров Караколдогу аскер бөлүгүнө барды

Президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган аскер бөлүгүнө барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин алдында сөз сүйлөп, бул жерге ушул жылдын жаз айында келип, оңдоп-түзөө иштерин баштоого тапшырма бергенин эске салды.  Президент 1962-жылы түптөлгөн бул аскер бөлүктө бүгүнкү күнгө чейин оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлбөй, имараттар эскирип, чатырларынан суу өтүп, кейиштүү абалга келгенин көргөндө, көңүлү чөгүп, намыстанып кеткенин айткан.

«Дароо барып, аскер бөлүктүн инфратүзүмүн: штабы, окуу борбору, окуу корпусу, казармасы, көзөмөл өткөрүү жайы, унаа паркы жана башка бардык имараттарын капиталдык оңдөп-түзөөдөн өткөрүүгө буйрук бергем. Мына бүгүн мамлекеттик чек арабыздын 676 километрин түзгөн тилкесин кайтарган аскер бөлүк жаркыраган жаңыланган абалга келип отурат», — деди президент.

Бүгүнкү саамалыктын алкагында Жапаров аскер бөлүгүнө 51 млн сомдон ашык акчага алынган 30 даана JAC жол тандабасын тапшырган. Буга чейин ушул эле аскер бөлүгүнө 43 млн сомдук 25 жол тандабас берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>