Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
7-май: күндүз Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, +31° чейин ысык болот
07.05.2026 | 09:00
Бүгүн, 7-майда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Тоолуу унаа жолдорунда тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, деп билдирет Кыргызгидромет.
Мекеменин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 26…31°C;
- Талас облусунда түнкүсүн 11…16°C, күндүз 24…29°C;
- Ош облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 26…31°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 26…31°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн 12…17°C, күндүз 26…31°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 18…23°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн 5…10°C, күндүз 19…24°C;
- Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, түнкүсүн 8…10°C, күндүз 18…20°C. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт;
- Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 14…16°C, күндүз 28…30°C болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом