Бул жакка эч кимди киргизишчү эмес! «Бишкек-Аренадагы» VIP-ложанын алгачкы кадрларыКыргызстан менен БУУ коопсуздук, тынчтык орнотуу багытындагы кызматташтыкты тереңдететСадыр Жапаров Түштүк Кореяга расмий сапар менен баратЖаратылыш ресурстары министрлиги калдыктарды кайра иштетүүчүлөрдүн реестрин түзүп, лицензиялоо иштерин жүргүзүүдөБул күндү бүткүл дүйнөнүн жаштары күткөн!Бишкектин Кронштадт көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды
1-июнь: Кыргызстанда +37 градуска чейин ысык болот, айрым аймактарда жаан жаайт
01.06.2026 | 09:00

Бүгүн, 1-июнда күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде, ошондой эле Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.
Бийик тоолуу жолдордо тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрге жетет, күндүз айрым жерлерде шамалдын ылдамдыгы 15–20 метрге чейин күчөшү мүмкүн.
Мекеменин маалыматы боюнча:
- Чүй облусунда: түнкүсүн 17…22°C, күндүз 32…37°C;
- Талас облусунда: түнкүсүн 15…20°C, күндүз 29…34°C;
- Ош облусунда: түнкүсүн 16…21°C, күндүз 32…37°C;
- Жалал-Абад облусунда: түнкүсүн 16…21°C, күндүз 32…37°C;
- Баткен облусунда: түнкүсүн 16…21°C, күндүз 32…37°C;
- Ысык-Көл облусунда: түнкүсүн 11…16°C, күндүз 26…31°C;
- Нарын облусунда: түнкүсүн 7…12°C, күндүз 23…28°C;
- Бишкек шаарында: жаан-чачын күтүлбөйт, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4–9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°C, күндүз 34…36°C болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом