Садыр Жапаров Москвага барды

Садыр Жапаров Москвага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, расмий сапар менен Москва шаарына (Россия Федерациясы) барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мамлекет башчынын учагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды.

Аэропортто эки өлкөнүн мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.

Кыргызстан жана Россиянын мамлекеттик гимндери жаңырды.

Эске салсак, расмий сапардын алкагында мамлекет башчы Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле Россиянын башка расмий өкүлдөрү менен да жолугушат, бир катар иш-чараларга катышат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>