Министр Базарбаев согуштун ардагерлерин куттуктады

Министр Базарбаев согуштун ардагерлерин куттуктады

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Аспек Жумашевди жана Ленинград блокадачысы Валентина Петкявиченаны Жеңиштин 78 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

«Жеңиш күнү баарыбыз үчүн өзгөчө майрам. Ал кайгы менен кубанычтын көз жашын, жоготуунун азабын жана улуу курмандыкты бириктирет. «Жеңиш» деген кыска, бирок кыска сөздүн артында миллиондогон Советтик жоокерлердин эрдиги , тылдагы талыкпаган эмгеги турат. Аны 78-жолу белгилеп, биз миллиондогон советтик адамдардын өмүрүн алган кайгылуу жылдарды эскерип жатабыз», — деди министр.

Кудайберген Базарбаев ошондой эле президент С.Жапаровдун буйругуна ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, концлагерлердин жаш туткундарына, Ленинград блокадачыларына 100 миң сом өлчөмүндө бир жолку материалдык жардам төлөнүп берилгенин белгиледи.

Валентина Петкявичена министрге согуш жылдарында канчалык кыйын жашагандыгы жөнүндө бир нече окуяларды айтып берди — Мекендин жыргалчылыгы үчүн жана баатыр-коргоочулар үчүн күнүнө кеминде 12 саат иштөөгө туура келди. Өздөрү ачка калышса дагы, жоокерлерди багуу маанилүүрөөк экенин жакшы түшүнүшкөн.

Министр Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине азык-түлүк жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>