Садыр Жапаров Пакистандын президенти менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү: тараптар эмнени чечишти?

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 7-июлда Чолпон-Ата шаарында өлкөгө расмий сапар менен келген Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен жолугушту. Тосуп алуу аземи «Рух-Ордо» маданий борборунда өтүп, андан соң лидерлер эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.
Тараптар саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Садыр Жапаров өткөн жылдын декабрында Исламабадга болгон мамлекеттик сапар эки өлкөнүн мамилесинде жаңы баракты ачканын жана саясий диалогду чыңдаганын белгиледи.
Президент Кыргызстан Пакистанды Түштүк Азиядагы артыкчылыктуу өнөктөштөрдүн бири катары караарын баса белгиледи. Ал ошондой эле халал-индустрия, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, логистика, туризм, энергетика жана өнөр жай тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырастап, бизнес-форумдарды жана ишкерлердин жолугушууларын үзгүлтүксүз өткөрүп турууну колдоорун билдирди.
Өз кезегинде Асиф Али Зардари кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин айтып, соода, инвестиция жана гуманитардык чөйрөлөрдө өз ара аракеттенүүнүн жогорку дараметин белгиледи. Ал ошондой эле Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктады.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында президенттер туруктуу саясий диалогду колдоо жана бардык деңгээлдеги байланыштарды жандандыруу ниетин ырасташты.
Жолугушуу биргелешкен билдирүүгө кол коюу менен аяктады. Тараптардын маалыматы боюнча, бул документ стратегиялык өнөктөштүктү калыптандырууга жана соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө негиз болот.