TezJet учагы «Манас» аэропортунан учуп жатканда капталына ооп кетти

«Манас» эларалык аэропортунда Бишкек — Ош багыты боюнча учууга камданып жаткан TezJet авиакомпаниясынын учагы авиациялык кырсыкка кабылды. «Кыргызстан аэропорттору» ААКсынын маалыматы боюнча, аба кемеси учууга камданып күүлөнүп жатканда арткы шассилеринин бири сынып кеткен.
Мындан улам учак сол канатына ооп, учуп-конуу тилкесине кулаган. Учактын ичинде 181 жүргүнчү болгон, баары авариялык трап аркылуу эвакуацияланды. Олуттуу жабыркагандар жок, бирок айрым жүргүнчүлөр жеңил жаракат алып, денелери сыйрылып-көгөргөн. Ички авиакаттамдар залында медициналык пункт уюштурулду. Окуя болгон жерде дарыгерлер, өрт өчүрүү бөлүмдөрү жана аэропорттун атайын кызматтары иштеп жатат.
Алдын ала маалыматтар боюнча, экипаж мүчөлөрү жабыркаган эмес. Аэропорттун өкүлдөрүнүн айтымында, учак олуттуу зыян тарткан: канаты жана артындагы төмөнкү бөлүгү жабыркаган.Окуянын кесепеттерин жоюу учурунда аэропортто бардык учуп-конуулар убактылуу, түнкү саат 22:00го чейин токтотулду.