Садыр Жапаров Сауд Арабиядан кийин Азербайжанга барат

09.11.2024 | 17:24

Президент Садыр Жапаров 11-13-ноябрда иш сапары менен Азербайжанга барат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Садыр Жапаров БУУнун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык Конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясына катышат.

Бул конференциянын алкагында Кыргызстан, Азербайжан жана Монголия тарабынан “Жогорку деңгээлдеги диалог: Тоо күн тартибин илгерилетүү жана тоолор темасын жана климаттын өзгөрүшүн актуалдаштыруу” аттуу иш-чара уюштурулат.

Сапардын алкагында эки тараптуу жолугушуулар өткөрүлөт.

Белгилей кетсек, 11-ноябрда Садыр Жапаров Сауд Арабияга иш сапары мене барып, Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине катышат.

https://reporter.kg/sadyr-zhaparov-saud-arabiyaga-ish-sapary-menen-barat-2/

Scroll to Top