Баткенде 3 адам айылдашынын үйүнөн 3,8 млн сом уурдап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Баткенде 3 адам айылдашынын үйүнөн 3,8 млн сом уурдап кеткен. Шектүүлөр кармалды

Баткенде акча салынган сейфти уурдоого шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Кадамжай районунун Кара-Дөбө айылында 37 жаштагы тургундун үйүнө белгисиз адамдар кирип, 30 миң доллар (2 млн 679 миң сом) жана 1,2 млн сом салынган сейфти уурдап кетишкен (жалпы 3 млн 879 миң сом). Бул окуя боюнча үй ээси милицияга кайрылган

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары ошол эле айылдын 46 жаштагы М.А., 23 жаштагы А.Ж. жана 19 жаштагы Р.Ш. аттуу тургундары кармалган.

Милициянын маалыматы боюнча, уурулук кылгандар акчанын аз бөлүгүн коротуп салган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>