Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерин куттуктады

Садыр Жапаров УКМКнын кызматкерлерин куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-декабрда, улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери! Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Сиздер эгемендүү мамлекетибиздин коопсуздугун, конституциялык түзүлүшүн жана аймактык бүтүндүгүн ички жана тышкы коркунучтардан коргоо үчүн тыным албай кызмат өтөп келе жатасыздар. Мындай ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип каармандыкты, тайманбастыкты, керек болсо жанын аябаган эрдикти талап кылат!

Улуттук коопсуздук кызматкерлеринин майтарылбас курч мүнөзү, Ата Мекенге берилген мекенчилдиги калың эл, калайык журтубуздун, айрыкча чек ара аймактарында жашаган жарандарыбыздын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттырып, алардын коопсуз жашоосун камсыздайт. Бул өзгөчө кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн каргашалуу окуяларда  башка күч түзүмдөрү менен бирге сиздердин кызматкерлердин каармандыктарынан даана көрүндү. Демек, Ата Мекен менен эл-журттун бейпил турмушу жана бейкапар жашоосу сиздердин тыкыр аракетиңиздерден көз каранды.

Дүйнөдө болуп жаткан коркунучтар, анын ичинде эл аралык террористтик жана экстремисттик уюмдардын жанданышы, кибер кылмыштуулуктун жана наркотикалык заттарды мыйзамсыз айлантуунун өсүшү коопсуздук органдарын жаңыча иштөөгө жана ар дайым даяр турууга чакырат.

Өлкө жетекчилиги ыкчам өзгөрүп жаткан мезгилдин чакырыктарына каршы туруу үчүн  улуттук коопсуздук органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатып, техникалык мүмкүнчүлүктөрүн арттырууну, кызматкерлерди социалдык жактан колдоону колго алды. Ансыз учурдун талабына жооп бере турган чалгындоо, контрчалгындоо иштерин уюштуруу, ар кандай коркунучтарга каршы күрөшүүдө күтүлгөн натыйжаларга жетише албайт элек. Бул багытта мамлекет тарабынан жасалып жаткан алгылыктуу иштерге жамы журт, жалпы коомчулук күбө.

Өлкө аймагында тынчтыктын, туруктуулуктун болушу экономикабыздын мындан ары өнүгүшүнө, элибиздин турмуш-шартынын жакшырышына өбөлгө түзөт. Мындан улам, экономиканын өсүшүнө кедергисин тийгизип жаткан ар кандай коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү иш-аракеттери дагы улантылышы зарыл деп эсептейм.

Мамлекетибиздин бейпилдигин камсыздоого ант берип, аны абийирдүүлүк менен аткарып келген, тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууга бүт өмүрүн арнаган ардагерлерге дагы ыраазычылыгымды билдире кетейин. 

Урматтуу кызматкерлер жана ардагерлер! Кесиптик майрамыңыздар – Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлеринин күнү менен дагы бир жолу куттуктайм. Сиздерге бекем ден-соолук жана үй-бүлөңүздөргө бакубат турмуш каалайм.

Мекенибиздин алдындагы ардактуу кызматыңыздарды албан ийгиликтер, жаңы жетишкендиктер коштосун! Кыргызстаныбызда тынчтык, элибизде бейпилдик өкүм сүрсүн!», — деп айтылат куттуктоодо.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>