Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды кайра шайланышы менен куттуктады

Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри Виктор Орбанды кайра шайланышы менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанды Венгриянын премьер-министри кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«Сизди Венгриянын Премьер-министри болуп кайра шайланышыңыз менен чын дилимден куттуктайм! Бул жооптуу мамлекеттик кызматта Сизге зор ийгиликтерди каалайм. Быйыл Кыргызстан менен Венгрия дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатат. Кыргыз Республикасы Венгрия менен мамлекеттер аралык мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк нугунда чыңдоого умтулат деп ырастайм. Биз бардык чөйрөлөрдө өз ара кызыкчылык туудурган кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз», — деп айтылат куттуктоо катында.

Президент Садыр Жапаров Виктор Орбанга чың ден соолук жана бакубаттык, ал эми боордош Венгрия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>