Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурлары

31.08.2026 | 21:48
Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачты — сүйлөгөн сөзүнүн негизги учурлары — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачык деп жарыялады. Салтанат бүгүн, 31-августта, «Бишкек Арена» стадионунда өтүүдө.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Оюндардын ачылышы Кыргызстан үчүн бир нече маанилүү окуялар — өлкө көз карандысыздыгынын 35 жылдыгы жана Шанхай кызматташтык уюмунун 25 жылдыгына арналган иш-чаралар менен дал келгенин белгиледи.

Жапаровдун айтымында, Кыргызстанда өтүп жаткан иш-чараларга 15тен ашуун чет мамлекеттердин башчыларынын жана эл аралык уюмдардын жетекчилеринин, анын ичинде БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин катышуусу алардын эл аралык маанисин жогорулатат.

Президент окуялардын ичинен эң негизгиси катары Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын атады.

«Эгемендүүлүктүн чыныгы мааниси желекти эркин көтөрүүдө гана эмес. Ал өз тарыхыңды жакшы билүүдө, каада-салтыңды аздектеп сактоодо, эне тилиңди өнүктүрүүдө, өз тагдырыңды өзүң аныктоодо жана өз келечегиңди куруу мүмкүнчүлүгүн жоопкерчилик менен пайдаланууда турат», — деп билдирди Жапаров.

Ал көчмөн цивилизациясынын тамыры Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн тирөөчтөрүнүн бири экенин, ал эми өлкөнүн келечеги «өнүккөн, күчтүү, жаңы Кыргызстанды» куруу менен байланыштуу экенин белгиледи.

Президенттин айтымында, Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негиздөөчүсү катары дүйнөгө өз тарыхын жана маданий мурасын гана эмес, заманбап мамлекетти да көрсөтүүдө.

Ал буга мисал катары 51 миңден ашык көрүүчүгө ылайыкталган жаңы «Бишкек Арена» стадионун атады.

«Биз убадаларыбыздын көбүн аткардык»

Өз сөзүндө Жапаров Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор тууралуу да айтып берди. Ал беш жыл мурун инаугурация учурунда жаңы Кыргызстанды куруу жана мамлекетти өнүктүрүү жөнүндө айтканын эске салды.

«Биз ушул жаңы Кыргызстанды куруу менен убадаларыбыздын көбүн аткардык. Учурда өлкөбүздө мурда масштабдары мүмкүн эместей көрүнгөн бир катар долбоорлор ишке ашырылууда», — деди президент.

Алардын арасында ал Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушун атап, анын айтымында, бул республиканын геосаясий ролун өзгөртүшү керек.

Дагы бир масштабдуу долбоор катары Жапаров кубаттуулугу 1 миң 860 мегаватт болгон Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун атады. Президент ошондой эле «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин курулушуна токтолду. Долбоор жыл бою туризмди өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары, Жапаров 3-июлда Ысык-Көлдүн Тамчы айылында англис укугунун негизинде иштей турган өзгөчө укуктук режимдеги атайын финансылык инвестициялык зонанын ачылышын эске салды.

Анын айтымында, бийлик Тамчыны эл аралык капиталды, заманбап финансылык технологияларды жана инвестициялык долбоорлорду бириктирген жаңы финансы борборуна айлантууну көздөп жатат.

Мамлекет башчысы ошондой эле ички дүң продукциянын өсүшү өлкө экономикасынын өнүгүп жаткандыгынан кабар берерин билдирди.

Кыргызстан жана эл аралык уюмдар

Жапаров Кыргызстандын 2027–2028-жылдарга БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешине (ЭКОСОС) мүчө болуп шайланганын белгиледи. Анын айтымында, республиканын талапкерлигин 142 мамлекет колдогон.

Президент ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ШКУнун иш-чаралары менен бир убакта өтүп жатканына көңүл бурду. Анын пикиринде, мунун символикалык мааниси бар: эл аралык жолугушуулар мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкка өбөлгө түзөт, ал эми спорт менен маданият элдерди жакындатат.

«Эң негизгиси, бул эки ири окуянын тең негизинде адамзаттын эң жогорку баалуулуктары — тынчтык жана достук жатат», — деп баса белгиледи Жапаров.

Спорт, маданият жана илим

Президент сөзүнүн өзүнчө бир бөлүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына арнады. Ал Оюндар Евразиядагы көчмөн элдердин маданий мурасын сактоого жана жайылтууга багытталганын белгиледи.

Быйыл спорттук, маданий жана илимий программалар бирдиктүү концепцияга бириктирилди. Ысык-Көлдө «Манас» айтуудан жана салттуу музыкадан баштап, этно-модага, кол өнөрчүлүккө жана заманбап чыгармачыл долбоорлорго чейин 100гө жакын маданий иш-чара өткөрүү пландалууда.

Илимий программага ондогон өлкөлөрдөн келген изилдөөчүлөр чогулат. Алар көчмөн коомунун тарыхын, генезисин, философиясын жана көчмөн цивилизациясынын мурасын, ошондой эле анын дүйнөлүк тарыхтагы ордун талкуулашат.

«Биз көчмөндөрдүн мурасын тирүү интеллектуалдык жана маданий ресурс катары көрсөтүүгө умтулабыз», — деди президент.

Кийинки Оюндар Татарстанда өтөт

Салтанат учурунда Жапаров 2028-жылы VII Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Татарстанда өткөрүүгө даяр экенин ырастады.

Президент Орусиянын лидери Владимир Путинге ыраазычылык билдирип, Кыргызстан орусиялык тарапка Оюндарды уюштурууда ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Жапаров сөзүн жыйынтыктап жатып, «Бишкек Арена» өлкөнүн жаңы спорттук жеңиштеринин жана жетишкендиктеринин аянтчасы болушун каалады.

«Кыргыз Республикасы гүлдөгөн, эркин, түбөлүктүү өлкө болсун. Эми VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ачык деп жарыялайм», — деп билдирди президент.

Эске салсак, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Бишкектеги ачылыш аземинен кийин негизги спорттук жана маданий иш-чаралар Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Reporter.kg — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий маалыматтык өнөктөшү.

Scroll to Top