Садыр Жапаров жактоочусун Бишкек шаардык сотуна судья кылып дайындады

Садыр Жапаров жактоочусун Бишкек шаардык сотуна судья кылып дайындады

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү, облустук жана шаардык соттордун судьяларын дайындоо боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Соттор кеңеши сунуштаган 16 судьянын 15ин дайындоого мамлекет башчы кол койду. Алардын арасында Шарабидин Токтосунов дагы бар. Токтосунов Садыр Жапаров абакта жаткан учурда ага жактоочулук кылган.

Президенттин жарлыктары менен 15 судья дайындалып, алар судьялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү сотторго жиберилди:

Баткен облустук соту:

Абышова Кундуз Сабырбековна;

Кадамжай райондук соту:

Ажыматов Улан Абдыкаарович;

Тажибаев Ильязбек Курванбекович;

Лейлек райондук соту:

Абдимиталипов Элярбек Бахадирович;

Сүлүктү шаардык соту:

Эрматова Гүлзат Муктаровна;

Кызыл-Кыя шаардык соту:

Адимов Акылбек Акматович;

Кара-Суу райондук соту:

Гуламидин уулу Элчибек;

Ош шаардык соту:

Турдалиев Ниязбек Назарович;

Ноокен райондук соту:

Чоноев Чынгыз Мелисович;

Жалал-Абад шаардык соту:

Ганиев Жоомарт Махамадисакович;

Чүй облустук соту:

Кыдыралиева Нурзат Амантуровна;

Талас шаардык соту:

Сүйналиев Дамир Сүйүнтаевич;

Бишкек шаардык соту:

Бекбаева Нурия Хусаиновна;

Накешова Минура Асылбековна;

Токтосунов Шарабидин Бекташевич.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>