КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
Рафаэль Физиев атаандашын нокаутка учуратты – видео
05.12.2021 | 12:57
Рафаэль Физиев менен Брэд Ридделлдин беттеши аяктады. Күрөштүн биринчи раундунда бир топ тең чыкты. Экинчи раундда таамай соккулар көп болгондугуна байланыштуу Физиев акырындык менен демилгени колго ала баштады. Бирок, Ридделл кооптуу соккуларды да аткарды.
Үчүнчү раундда Брэд атаандашын жерге түртүүгө аракет кылган, бирок Рафаэль жакшы коргогон. Раунддун ортосунда Физиев раунддук сокку узатып, Ридделлди нокаутка учуратты.
UFC мушкери Рафаэль Физиев социалдык тармактарда куугунтукка кабылып, мындан ары Кыргызстандын желеги астында мушташпай турганын билдирген. Кийинчерээк ал күйөрмандарынан эмоцияга алдырганы үчүн кечирим сурап, акыркы беттешке желексиз чыкты.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт