Садыр Жапаров: Жердештерим коррупцияга шектелип кармала баштады

Садыр Жапаров: Жердештерим коррупцияга шектелип кармала баштады

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров тааныш чиновниктери менен жердештери коррупцияга шектелип камалып жатканын айтты. Бул тууралуу социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал күч органдарынын жетекчилерин кызматка дайындап жатканда «эч кимди калкалайбайм» деп айтканын кайталап, ансыз коррупция менен күрөш болбой турганынын белгилеп өткөн.

«Мен эч бир олигархты же кайсы бир чиновниктерди калкалабайм. Мамлекеттин казнасына кол салса, салыкты жашырса, коррупциялык иштерге аралашкан болсо мейли ким болбосун жооп берүүгө тийиш» деген элем. Элдин мүлкүн кайтарып беришсин да. Азыр эми менин деле тааныш чиновниктерим, жердештерим коррупциялык иштери боюнча камала башташты. Туугандары чыгарып бер деп келип жатышат. Биринчиден, мен азыр эч ким эмесмин. Экинчиден, «айтылган сөз, атылган ок». Баарыбыз мыйзам алдында бирдей жооп берели. Ансыз коррупцияны жоё албайбыз. Экономиканы көтөрө албайбыз. Экономиканы көтөрө албасак эч качан күчтүү мамлекетти кура албайбыз. Ушинтип баары бири-бирине байланыштуу туугандар”, – деген ал.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>