Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды

Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды

Садыр Жапаровдун Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 3-4-апрель күндөрүндө иш сапары менен Баткен жана Ош облустарында болду.

Анын алкагында Баткен облусундагы Бужум аскер полигонунда өткөн «Коопсуздук — 2021» жана «Калыптандыруу Түштүк — 2021» аскердик машыгууларынын жыйынтыктоочу фазасына күбо болду.

Кийин Баткен районунун Кара-Булак айылындагы «CASA-1000» долбоорунун алкагында жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясынын биринчи мамысынын айдубалына капсула салды. Ошондой эле Баткен шаарында жайгашкан өнөр жай, соода жана логистикалык аймакта ишканаларды куруу долбоору менен таанышты.

Иш сапарынын экинчи күнүндө Президент Садыр Жапаров Кичи жана Чоң Памир аймактарынан Ош облусунун Алай районуна көчүп келген ооган кыргыздары менен жолугушту.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>