Бермет Барктабасова гемодиализ боюнча мыйзам бузуулар кандайча жаралышы мүмкүн болгонун түшүндүрдү

Бюджеттик гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү мүмкүн болгон мыйзам бузуулар боюнча кылмыш иши козголгондон кийин далилдүү медицина боюнча эксперт Бермет Барктабасова Reporter.kg басылмасына анын пикиринде болжолдуу мыйзам бузуулар кандайча жаралышы мүмкүн болгонун жана эмне үчүн көзөмөл системасы аларды мурда аныктай албай калганын түшүндүрдү.
Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура медициналык документтерге жана «Гемодиализ» автоматташтырылган маалыматтык системасына жалган маалыматтар киргизилгенин, анын ичинде каза болгон бейтаптарга жана өлкөдөн тышкары жүргөн адамдарга процедуралар катталганын, ошондой эле бир аппаратта техникалык жактан мүмкүн болбогон сандагы гемодиализ сеанстары жүргүзүлгөнүн билдирген. Көзөмөл органынын маалыматына ылайык, мамлекетке келтирилген зыян 226 миллион 967 миң сомду түзгөн.
Өз кезегинде Саламаттык сактоо министрлиги тергөөгө бардык зарыл маалыматтарды берип жатканын, бюджеттик каражаттардын ачык-айкын пайдаланылышын колдой турганын жана медициналык жардамдын сапатын көзөмөлдөө, бейтаптарды эсепке алуу жана мамлекеттик каражаттарды пайдалануу системасын мындан ары да өркүндөтөрүн билдирген.
Бермет Барктабасованын айтымында, эгерде Башкы прокуратура келтирген фактылар ырасталса, анда сөз оор кылмыш тууралуу болуп жатат. Ошол эле учурда анын пикиринде негизги суроо — эмне үчүн учурдагы көзөмөл системасы мындай мүмкүн болгон мыйзам бузууларды кыйла эртерээк аныктай алган эмес.
Эксперт белгилегендей, көп жылдардан бери гемодиализди каржылоо системасы катуу көзөмөлдө болуп келген. Бейтаптардын аталыштык реестри жүргүзүлүп, алардын каза болгондугу тууралуу маалымат үч күндүн ичинде түшүп турган. Ошондуктан, эгерде чындап эле гемодиализ процедуралары каза болгон адамдарга же өлкөдөн тышкары жүргөн бейтаптарга катталган болсо, анда мындай жагдай кантип мүмкүн болгонун аныктоо зарыл.
Барктабасова мындай жагдайдын себептеринин бири жасалма бөйрөк аппараттарынын иш жүзүндөгү саны менен документтерде көрсөтүлгөн санынын айырмачылыгы болушу мүмкүн деп эсептейт. Анын айтымында, бир нече жыл мурда айрым жеке клиникалар расмий катталганга караганда көбүрөөк аппараттарды колдонушкан. Гуманитардык жардам катары же башка жолдор менен алып келинген жабдуулардын айрымдары тиешелүү документтерсиз болгон.
Кийинчерээк гемодиализди каржылоо программалык негизде жүргүзүлүп, мамлекет ар бир өткөрүлгөн сеанс үчүн төлөй баштагандан кийин Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен жеке клиникалардын ортосунда келишимдер түзүлгөн. Андан соң бул функциялар Саламаттык сактоо министрлигине өткөрүлгөн.
Эксперттин айтымында, келишим түзүлгөндө лицензия, аккредитация, сериялык номерлери көрсөтүлгөн медициналык жабдуулардын тизмеси, квалификациялуу персоналдын болушу жана кызмат көрсөтүүнүн сапат көрсөткүчтөрү текшерилет. Анын пикиринде, дал ушул документтер катталган аппараттардын саны менен көрсөтүлгөн кызматтардын көлөмүнүн ортосундагы мүмкүн болгон айырмачылыктарды өз убагында аныктоого жардам бериши керек эле.
Барктабасова ошондой эле эмне үчүн санариптик көзөмөл механизмдери иштебей калган деген суроону коёт. Анын айтымында, бейтаптарды документ же жүздү таануу системасы аркылуу идентификациялоо аракеттери жасалган, ал эми Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду бейтаптар тууралуу маалыматтарды, анын ичинде каза болгондор боюнча маалыматтарды текшерип турган. Бирок, эгерде тергөөнүн маалыматы ырасталса, бул чаралар мүмкүн болгон мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн жетишсиз болуп калган.
«Маалыматтарды атайылап жашыруу, медициналык документтерди бурмалоо, мамлекетке 226 миллион сом зыян келтирүү жана 35 миң жасалма сеанс — бул кылмыш», — деп эсептейт эксперт.
Анын пикиринде, эгер күнөөлүү адамдардын күнөөсү далилденсе, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылып эле тим болбостон, мындай медициналык мекемелердин ишмердүүлүгү толугу менен токтотулуп, бардык лицензиялары жокко чыгарылып, медициналык иш жүргүзүү укугунан ажыратылышы керек.