Адылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМиКыргызстан курамасы тарыхта биринчи жолу Ливанды жеңдиКечинде «Ала-Арчадан» кетүү кыйын болууда — жетекчилик маселени чечүүнү убадаладыРоссияда чума оорусу катталганына байланыштуу Кыргызстанда чек ара көзөмөлү күчөтүлдү
2-августка карата аба ырайы: +39°C чейин ысык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт
02.08.2026 | 10:00

Бүгүн, 2-августта өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Ош облусунун тоолуу райондорунда гана күндүз кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
- Чүй облусунда түнкүсүн +18…+23°C, күндүз +34…+39°C;
- Талас облусунда түнкүсүн +14…+19°C, күндүз +32…+37°C;
- Ош облусунда түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +34…+39°C;
- Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +34…+39°C;
- Баткен облусунда түнкүсүн +20…+25°C, күндүз +34…+39°C;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17°C, күндүз +27…+32°C;
- Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13°C, күндүз +30…+35°C.
Бишкек шаарында түнкүсүн абанын температурасы +21…+23°C, күндүз +37…+39°C болот. Жаан-чачын күтүлбөйт.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн +14…+16°C, күндүз +27…+29°C болот. Жаан-чачын күтүлбөйт.
1-август күнү эртең менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги суунун температурасы +22,2°C болгон.
Теги: погода