Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерине иш козголду

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерине иш козголду

УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигинин Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар республикалык борборунун Каракол шаардык чумага каршы бөлүмүнүн башчысы М.Р.К. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, аталган жетекчи М.Р.К. кызматтык абалынан пайдаланып, өзү жетектеген мекеменин кызматкерлеринен системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып турган. Алсак, Ысык-Көл облусунун сырт аймактарында карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды изилдөө жана алдын алуу боюнча Чумага каршы бөлүмүндө эпидемияга жана чаңга каршы отряддардын жасалма тизмелери түзүлгөн.

Жыл сайын жай мезгилдеринде тиешелүү буйруктарга ылайык, белгилүү сандагы адистерден турган отряддар сырт аймактарына чыгып кетүүгө тийиш. Бирок, иш жүзүндө бир кыйла азыраак сандагылар чыгышкан. Ошол эле учурда мындай адистин ар бирине жол кире акысына акча чегерилген. Сырт аймактарында иш жүзүндө иш жүргүзбөгөн адамдарга акча каражаттар которулгандан кийин, аталган М.Р.К.га системалуу түрдө өткөрүп берип турушкан.

Азыркы учурда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, М.Р.К.нын мындан башка мыйзамсыз иштерге катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>