Баткенде зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү 

Баткенде зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү 

Баткен шаарында  бүгүн, 6-декабрда милиция кызматкерлеринин демилгеси менен шаар жаштарынын жөө жүрүшү уюштурулду. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жөө жүрүш “Зомбулуксуз жашоо” аталышында болуп, ага 200дөн ашык  мектеп окуучулары, студенттер катышты.

Милиция кызматкерлери бул жөө жүрүштү жаштар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө, ошондой эле жаштарга карата зомбулуктарды болтурбоо максатында уюштурду.

Иш-чарага катышкан жаштар лозунгтарды көтөрүп, Жибек Жолу көчөсүнөн Т.Садыков көчөсүнө чейин жөө жүрүш жасашты.

2022-жылдын 11 ай ичинде балдар тарабынан же балдарга карата зордук-зомбулук фактылары катталган эмес.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>