Камактагы Рита Карасартованын абалы кандай? Расмий жооп

Камактагы Рита Карасартованын абалы кандай? Расмий жооп

Камактагы укук коргоочу Рита Карасартованын ден соолугу начарлап кетти. Бул тууралуу Биринчи балдар хосписинин директору Ольга Труханова социалдык тармактагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, Рита Карасартовада моюнунун лимфа бездери сезгенип, калкан безинде көйгөй бар. Карасартова жатканда деми кыстыга баштагандыктан, ага жатуу кыйын болууда.

«Рита эже (Карасартова –ред.) алсыз болууга жана арызданып-даттанууга көнгөн эмес. Анын ордуна ал чыдап, күчтүү болууга аракет кылат. Бирок мунун баары тамаша эмес, коркунучтуу. Кыйноолорду алдын алуу борбору жана Акыйкатчы институтунан Рита Рахмановнаны көрүп келип, анын ооруканага жаткырылышына көмөктөшүүсүн суранам», — деп жазган ал.

Reporter.kg Жазаларды аткаруу кызматына байланышканда, Рита Карасартованын богок (зоб) оорусу бар экенин билдирди. Ал көп жылдан бери эндокринологдо каттоодо туруп, дары ичип жүргөн.

«№6 поликлиникадан жана биздин №31 мекемеден УЗИ жана башка адистерди чакырышып, текшертишиптир. Богоктон башка эч кандай арыз-даттануусу жок экен», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам, анын ичинде Рита Карасартова кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда кармалгандар Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>