Салык кызматы 11 айда  3,5 миллиард сом ашыкча топтоду

Салык кызматы 11 айда  3,5 миллиард сом ашыкча топтоду

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын январь-ноябрь айларында 225 млрд 744,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу маалымат жыйында мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов билдирди.

Анын айтымында, белгиленген план 3,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 39,9 млрд сомго көп чогултулду.

Чогулган каражаттардын түзүмүндө 168 млрд 164 млн сом салык жана төлөмдөргө, 57 млрд 580,7 млн сом камсыздандыруу төгүмдөрүнө тийиштүү.

Салыктык башкарууну жакшыртуу жана күчөтүү, ошондой эле ишкерлерди онлайн тейлөөгө өткөрүү пландык көрсөткүчтөрдүн ашыгы менен аткарылышында негизги ролду ойноду.

Контролдук-кассалык машиналарды, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды, электрондук эсеп-фактураларды жана санариптештирүүнүн башка долбоорлорун киргизүү жана колдонуу салыктарды чогултуу процессинин натыйжалуулугун кыйла жакшыртты.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөрдүн арасында салык мыйзамдарынын ченемдерин колдонуу жана санариптик салык кызматтарын колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү да өз жемишин берүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>