Салык кызматы Балбак Түлөбаевдин сын пикирине жооп кайтарды

Салык кызматы Балбак Түлөбаевдин сын пикирине жооп кайтарды

Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңешинин депутаты Балбак Түлөбаевдин 2-июнда Жогорку Кеңештин пленардык отурумунда ККМ колдонбогон ишкерлердин лицензиялары алынып жаткандыгы жөнүндө билдирүүсү чындыкка дал келбегендигин билдирет.

Салык кызматынын маалыматына караганда, салык органдары контролдук-кассалык машиналарды колдонбогон ишкерлердин лицензияларын артка чакыртып алууга ыйгарым укуктуу эмес.

Салык мыйзамдарына ылайык, ККМди колдонбоо же бузулганды колдонуу үчүн административдик айып салынат.

Салык кызматы лицензия талаптарын сактабагандыгы үчүн алкоголдук продукцияны саткан субъекттердин гана лицензияларынын колдонулушун токтото турууга укуктуу.

“ККМди колдонбогондугу үчүн лицензияларды артка чакыртып алуу фактылары болгон учурда Мамлекеттик салык кызматынын борбордук аппаратына (ишеним телефону (0312)613189) кайрылууну чакырабыз, мында кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жергиликтүү салык органдарынын жетекчилигине карата тийиштүү чаралар көрүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>