Сизди “мокочо” көргөзүп жатышат, — депутат Ташиевдин мамилеси боюнча

Сизди “мокочо” көргөзүп жатышат, — депутат Ташиевдин мамилеси боюнча

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Камчыбек Ташиевдин парламентке болгон мамилеси боюнча оюн айтты.

Анын айтымында, Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ортосундагы мамиле мамлекеттин ишине кедергисин тийгизип жатат.

“Сиз “колуңду сындырам”, “жонуңа жүктөп кел”, “токтоткула” деп айтып койгон сайын, Ташиев парламентке келип талкалап кетти деген түшүнүк жаралат экен. Жогорку Кеңеш кандай орган өзү? Силер келип урушсаңар унчукпай отуруп беришибиз керекпи же оюбузду айта турган органбызбы? Жогорку Кеңештин аппаратынан “Камчыбек Кыдыршаевич келет экен, баарыңар ордуңарда отургула” деген смс билдирүү келип жатат. Сизди “мокочо” көргөзүп жатышат. Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган деген мамиле болушу керек да”, — деди депутат.

Мирлан Самыйкожо ошондой эле Кочкор районунун акими анын жардамчысына бут тосуп жатканына дагы токтолду.

Ал эми К.Ташиев: “Кочкор районунун акими боюнча маалымат бар. Жакын арада чара көрүлөт. Жогорку Кеңештин депутаттарын жер-жерлерде эл сыйлоого милдеттүү. Ал эми менин айткан сөздөрүм боюнча, мага “көрсөтөм” деп жатса эмне дешим керек?”, — деп жооп берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>