Эксклюзив

Автобус, поезд, мотоцикл: Бишкектен Ысык-Көлгө кантип жетсе болот?

17.07.2026 | 13:55
Автобус, поезд, мотоцикл: как добраться до Иссык-Куля из Бишкека — Новости Кыргызстана

Бишкектен Ысык-Көлгө баруу — жай мезгилиндеги эң популярдуу каттамдардын бири. Борбор калаадан көлгө чейинки 250 чакырымдан ашык аралыкты кандай транспорт менен өтүү убакытка, каражатка жана ыңгайлуулукка болгон талапка жараша болот. Reporter.kg өз окурмандары үчүн саякаттын мүмкүн болгон жана ыңгайлуу варианттарын топтоду.

Автобус, такси, трансфер жана шерик таап баруу

Эң жөнөкөй жана жеңил вариант: Сизди түндүк жээк, же түштүк жээктеги да каалаган жериңизге чейин жеткирип коюшат. Ысык-Көлгө каттаган кадимки шаар аралык автобустар жана маршруткалар Бишкектин айланма жолундагы жаңы автовокзалдан күнүнө бир нече жолу кетет. Айрым ташуучулар шаар ичиндеги атайын токтоочу жайлардан жүргүнчү алышат. Мисалы, GOBUS шаар аралык автобустары жана Ысык-Көлгө каттаган кичи автобус-трансфер кызматтары Бишкектин ар кайсы жерлеринен жөнөп кетет. Ошого жараша өзүңүзгө ылайыктуу багыттагы транспортту тандай аласыз.

Эгер сизди белгилүү убакытта үйүңүздөн алып кетип, Ысык-Көлгө түз жеткирип коюусун кааласаңыз же топ болуп барсаңыз, анда такси же жеке трансфер ылайыктуу.

Бул кызматтардын арасында кардардын талабына жараша ар кандай унаалар бар: япон жана немис жеңил унааларынан тартып, кытай электромобилдерине чейин. Такси айдоочусу сизди белгиленген маршрут боюнча жеткирет. Ал эми трансфер кызматтары менен алдын ала сүйлөшүп, жолдо Конорчек же Көк-Мойнок капчыгайлары көрүп чыгууга болот.

Дагы бир экстремалдуураак вариант бар — Telegram, WhatsApp же башка тиркемелер менен мессенджерлерден чогуу бара турган жолоочуларды издөө. Бул учурда сиз же макулдашылган жерге барасыз, же сизди үйүңүздүн жанынан же шаардын ичинен алып кетишет.

Бирок эгер сиз унааны интернеттеги тайпалар жана чаттар аркылуу тапкан болсоңуз — өз коопсуздугуңуз үчүн бардык тобокелчиликтерди өз мойнуңузга аларыңыз эсиңизде болсун. Мындай шартта алдамчы, агрессор, артыңыздан аңдыган адам же зөөкүр адам менен бир унаага түшүп калуу коркунучу кыйла жогору болот.

Баасы: Автовокзалдан чыккан автобуста бир орун үчүн 600 сомдон башталат. Ал эми үйдөн алып кетип, эшикке чейин жеткирген ыңгайлуу жол тандабас унаалар 18–20 миң сомдон жогору болушу мүмкүн.

Эске алуу керек:

  • Айдоочу же башка жүргүнчүлөр шек жарата турган болсо, унаага отурбаңыз;
  • Жолдо баалуу буюмдарыңызды көзөмөлдөңүз — документ, телефон жана акчаны жаныңызда сактаңыз;
  • Интернеттен чогуу кете турган шерик тапсаңыз, жакындарыңызга маршрутуңузду, унаанын номерин, маркасын жана айдоочунун байланыш номерлерин жөнөтүп коюңуз;
  • Алар менен байланышып туруу убактысын алдын ала сүйлөшүп алыңыз.

Бул транспорт түрлөрүнүн дээрлик баарында алдын ала брондоо мүмкүн. Бирок жаңы автовокзалдан жөнөгөн кадимки автобустар үчүн алдын ала брондоо каралган эмес.

Мурда 10 күн мурда онлайн билет сатып алууга же брондоого мүмкүнчүлүк берген TEZKET кызматы учурда «билеттер жеткиликтүү эмес» деген маалымат көрсөтүүдө.

Бишкек — Балыкчы — Бишкек туристтик поезди

Бул Ысык-Көлгө баруунун эң кооз жана мыкты варианттарынын бири. Поезддин панорамалык терезелеринен талааларды, Чүй дарыясынын тоо арасындагы көрүнүштөрүн көрүүгө болот. Мындай кооз жерлерди унаа менен бара жатканда байкоо кыйын.

Жүргүнчүлөрдүн саны боюнча чектөө жок: кааласаңыз топ менен, кааласаңыз бир билет менен эле бара аласыз.

Поезд Бишкектен эртең менен чыгып, Балыкчы шаарындагы жээкке чейин жеткирет. Кайра ошол эле күнү же башка күнү кайтууга болот. Учурда поезд дем алыш күндөрү гана каттайт. Ал эми 2026-жылдын 26-июнунан 13-сентябрына чейин күн сайын жүрөт.

Баасы:

  • Стандарт — 150 сомдон;
  • Люкс — 500 сомдон;
  • VIP вагон — 800 сомдон;
  • VIP купе — 6000 сомдон.

Баасы вагондун түрүнө гана эмес, төлөө ыкмасына да байланыштуу. Накталай эмес төлөгөндө бир аз арзаныраак болот.

Чектөөлөр:

  • 10 жашка чейинки балдар чоңдордун коштоосунда гана жүрө алат;
  • 5 жашка чейинки балдар өзүнчө орун албаса, акы алынбайт;
  • 50 кг чейин жүктү акысыз алып жүрүүгө болот;
  • Үй жаныбарларын алып жүрүүгө болот, бирок ташуу эрежелерин сактоо керек;
  • Поезд менен Ысык-Көлдүн түштүк жээгине жетүү мүмкүн эмес;
  • Ар бир сапардагыдай эле буюмдарды көзөмөлдөө зарыл.

Билеттерди Бишкек-2 вокзалынын кассасынан, Кыргыз темир жолу ишканасынын сайтынан жана railway.kg тиркемесинен сатып алууга болот.

Ысык-Көлгө мотоцикл менен саякат

Бул вариант экстремалдуу эс алууну жактыргандар үчүн. Кыргызстандын мото коомчулугу жана Bikers Trip бир күндүк тур уюштурат. Саякат ден соолугу чың, мотоцикл айдоо тажрыйбасы бар же жаңы таасир алууну каалагандарга ылайыктуу.

Эртең менен катышуучуларды тосуп алып, керектүү жабдуулар берилет жана коопсуздук боюнча нускама өткөрүлөт. Андан кийин жүргүнчү катары мотоцикл менен Ысык-Көлдүн түндүк жээгине жол тартасыз. Жолдо бир нече ирет токтосо болот. Жээктен кийин кайра Бишкекке кайтып, ошол эле күнү шаарга жетесиз.

Баасы: Бир адамга 16 миң сом. Минималдуу брондоо — 2 мотоцикл (эки адамдан башталат).

Чектөөлөр:

  • Жашы боюнча: 18 жаштан жогору болушу керек, 16 жаштан баштап ата-эне же камкорчунун уруксаты менен барууга болот;
  • Коопсуздук үчүн жүргүнчүнүн салмагы 75 кгдан ашпашы керек;
  • Жүрөк-кан тамыр оорулары, кан басымдын жогору болушу, кош бойлуулук, курч нерв оорулары жана мас абалы каршы көрсөтмө болуп саналат;
  • Бул маршрут менен Ысык-Көлдүн түштүк жээгине жетүүгө болбойт.

Эгер мурда мотоцикл айдап көрбөсөңүз же бул сезондо айдабаган болсоңуз, алгач жеңилирээк жолдо өзүңүздү сынап көргөнүңүз жакшы. Анткени узак жолдо жүргүнчү отургучунда булчуңдар чарчап, сапардан алган таасир азайышы мүмкүн.

Мото саякатты алдын ала брондоо керек. Анткени айдоочулар техниканы жана жабдууларды даярдап, орундарды бөлүп коюшат.

Уктоочу автобус

Бул вариантты Bishkek Travel кызматы сунуштайт. Ал жолдогу тыгындардан качып, түнкүсүн эс алып барууну каалагандар үчүн сунушталат. Автобустун ичинде телефон кубаттагычтары жана жууркандар бар. Бишкектин борборунан кечинде чыгат.

Түн ичинде автобус Боом капчыгайынан өтүп, Ысык-Көлдүн түндүк жээгин аралайт. Зарыл учурда токтойт жана эртең менен Каракол шаарына жетет.

Баасы: Бир орундуу жай — 1500 сом;

  • Эки орундуу жай — 1200 сом.

Чектөөлөр:

  • Уктоочу автобус Ысык-Көлдүн түштүк жээгине каттабайт;
  • Буюмдарды көзөмөлдөө керек.

Орунду алдын ала брондогон жакшы. Кызмат жаңы болгону менен популярдуу болгондуктан, керектүү күнү бош орун калбай калышы мүмкүн.

Теги: туризм
Scroll to Top