Кыргызстанга Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрүнөн турган делегация келдиСалыктык түшүүлөр 5,5 жылда мурдагы 30 жылдагы көлөмдөн аштыСаламаттык сактоо министрлиги: жарым жылда саламаттык сактоого 30,4 млрд сом бөлүндү22-август: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКабминде социалдык коргоо тармагындагы негизги көйгөйлөр белгилендиКазакстандагы жол кырсыгынан кыргызстандык жаран каза болду
Салык кызматы ЭТТК текшерген үч ички пост жоюлганын билдирди
28.03.2025 | 10:20
26-марттан тарта электрондук товардык-транспорттук коштомо кагазды (ЭТТК) текшерген бир катар ички посттор жоюлду. Бул тууралуу Салык кызматы маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, ЭТТКны милдеттүү түрдө колдонуу жокко чыгарылганына байланыштуу салык органдарынын Чүй облусундагы “Кемин” жана “Сосновка”, ошондой эле Жалал-Абад облусундагы “Кара-Көл” көзөмөл пункттарындагы ички посттору жоюлду.
Мындан ары аталган посттордо Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан товарлардын коштоочу документтери текшерилбейт.