Кыргызстанда унаалардын терезелерин караңгылатууга жаңы акция өткөрүү сунушталууда — чоо-жайы

Кыргызстанда 2026-жылдын 30-октябрынан 30-ноябрына чейин автоунаалардын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин караңгылатууга (тонировкага) уруксат алуу акысын убактылуу төмөндөтүү сунушталууда. Министрлер кабинетинин тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.
Долбоорго ылайык, акция мезгилинде төлөмдүн өлчөмү резидент жеке жактар үчүн 35 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомду, ал эми резидент эместер үчүн 75 миң сомду түзөт. Уруксат бир жылдык мөөнөткө жарактуу болот.
Жеңилдетилген төлөмдөрдү электромобилдерден тышкары, M1 жана M1G категориясындагы транспорт каражаттарына жайылтуу сунушталат. Ошондой эле токтом ал күчүнө киргенге чейин берилген уруксаттарга карата колдонулбайт.
Reporter.kg’нин маалымкаты:
- M1 категориясы: Жүргүнчүлөрдү ташууга арналган жана айдоочунун ордунан тышкары 8ден ашпаган отургуч орундары бар жеңил автоунаалар (кадимки седандар, хэтчбектер, универсалдар, купелер ж.б.).
- M1G категориясы: 8ден ашпаган жүргүнчү орундары бар жана жол тандабас талаптарына (толук кыймылдаткыч (4×4), жер менен аралык (клиренс) ж.б.) жооп берген, жүрүү мүмкүнчүлүгү жогору жеңил автоунаалар.
Эске салсак, учурда туруктуу төлөмдүн өлчөмү резидент жеке жактар үчүн 50 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 70 миң сомду жана резидент эместер үчүн 90 миң сомду түзөт.
Ошондой эле 2026-жылы Кыргызстанда терезелерди караңгылатуу акысы буга чейин эки ирет убактылуу төмөндөтүлгөнү такталды.
Биринчи акция 2-февралдан 3-мартка чейин өткөн. Анда жалпы суммасы 537 миллион 730 миң сомго 15 миң 302 уруксат таризделген. Анын ичинен жеке жактар 15 миң 198, юридикалык жактар — 100, резидент эместер — төрт уруксат алышкан.
Экинчи акция 15-июндан 15-июлга чейин өткөн. Бул мезгилде арзандатылган тарифтер боюнча 541 миллион 580 миң сомго 15 миң 408 уруксат берилген. Анын 15 миң 293үн жеке жактар жана 115ин юридикалык жактар алган. Акциянын алкагында резидент эместерге уруксат таризделген эмес.
Демилгечилердин маалыматы боюнча, бул аралыкта жалпы 12 миллион 480 миң сомго 416 электромобилге уруксат берилген. Алар үчүн жалпы төлөм өлчөмдөрү колдонулган. Электромобилдерди кошкондо, таризделген уруксаттардын жалпы саны 15 миң 824тү, ал эми түшкөн каражаттын суммасы 554 миллион 60 миң сомду түзгөн.
2025-жылдагы ушундай эле акцияга салыштырмалуу 2026-жылдын биринчи акциясында түшкөн киреше 398 миллион 330 миң сомго же 3,86 эсеге өскөн, ал эми таризделген уруксаттардын саны 1 миң 394төн 15 миң 302ге чейин жетип, дээрлик 11 эсеге көбөйгөн.
Ал эми 2026-жылдагы эки акцияны салыштырганда, экинчисинде түшүүлөр 3 миллион 850 миң сомго же болжол менен 0,7%га, ал эми берилген уруксаттардын саны 106га (болжол менен 0,7%га) өскөн.
Эки акциянын жыйынтыгы терезелерди караңгылатууга болгон суроо-талаптын жогору экенин айгинелей турганы белгиленет. Иштеп чыгуучулардын баамында, төлөмдү убактылуу төмөндөтүү унаа ээлерине уруксат алууга жана мурда мыйзамсыз караңгылатылган айнектерди мыйзамдаштырууга түрткү берет.
Анара Мамытова