Орусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдүФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Ысык-Көлдө сарайында мыйзамсыз курал сактаган тургун кармалды – сүрөт
15.04.2022 | 09:13
Ысык-Көл облусунда жергиликтүү тургун кармалды. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери курал жана жардыргыч затка окшош зат табышкан. Бул тууралуу аталган облустун ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Милицияга кой короосунда мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жүргөн Сары-Камыш айылынын тургуну тууралуу маалымат түшкөн. Ысык-Көл РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Алардан бир жылмакай жана эки мылтык, 7,62 мм калибрдеги 16 ок, 5,45 мм калибрдеги 3 патрон, 9 мм калибрдеги бир ок жана жардыргыч затка окшош буюм табылган. Мылтык, ок, от алдыруучу капкактар да болгон», – деп айтылат маалыматта.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом