Салык кызматы сатуучулардын кассалык машиналарынын бар-жогун текшерүүгө алат

Салык кызматы сатуучулардын кассалык машиналарынын бар-жогун текшерүүгө алат

Мамлекеттик салык кызматы 80,4 миң ишкердик субъекттин жайгашкан жеринин маалыматтарын санариптик картага киргизди. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматтар базасына кирген ишканалардын басымды бөлүгү Бишкек шаарында – 42 миң 456, Ош шаарында – 21 миң 496, башка аймактарда – 16 миң 435.

Өткөн жылдын аягынан тарта Салык кызматы Бишкек, Ош шаарларында жана бир катар аймактарда ишкердик субъекттердин жайгашкан жерин электрондук базасын түзүү жана тактоону баштаган.

«Салык кызматынын кызматкерлери маалыматтарды электрондук жайылтуу системасы менен салыштыруу чарбалык субъектилерди толук камтуу боюнча иш алып баруу менен бирге, контролдук-кассалык машиналардын бар-жоктугун жана колдонулушун, ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат кагаздарын текшеришет. Ошондой эле алар текшерүү үчүн тесттик сатып алууларды жүргүзүшөт», — деп жазат салык кызматынын басма сөз кызматы.

Кошумчалай кетсек, дислокациянын санариптик картасы “СМАРТ Салым” салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында түзүлгөн. Анын максаты салыктык башкарууну жакшыртуу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>