Бишкек: Ак-Ордо базарында чуу чыкты (ВИДЕО)

Бишкек: Ак-Ордо базарында чуу чыкты (ВИДЕО)

Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушундашы “Ак-Ордо” базарындагы конфет-печенье саткандарды эт саткан жайга кубалап жатат. Бул туурасында Reporter.kg′ге базардагы сатуучулар билдирди.

“Ушул тапта азык-түлүктөрдү сатып иштеген соодагерлерди эт сата турган жайга базар админстрациясы кубалап жатат. Жаңы жылга чейинда, майрамдан кийин да эч кандай эскертүү берген эмес. Мындан улам бир ай убакыт берүүсүн да суранышкан, бул өтүнүчкө макул болбостон эт саткан жерден соода кылгыла деп кубалашууда. Макул эми, эт саткан жерге отуруп соода кылалы, ал санитардык талаптарга такыр туура келбейт. Эт менен печенье бир жерде сатылса эмне болот?”- деп соодагерлер нааразы болушууда.

Ал эми аталган базардын админстратору Замир Нурмамбетов болсо соодагерлерди бүгүнтөн калбай эт саткан жайга көчүрө турганын билдирди.

1500 чарчы метрди тузгөн чоң имараттын ичинде 7 гана соодагер отурат. Алардын ижара акысы электр энергиясына кеткен каражатты жаппай жатат. Болгону алар айына 3000 сомдон эле төгүшөт. Электрге эле айына 20 миң сом чыгууда. Жууп-тазалатуу, аны кайтартуу өңдүү тейлөө кызматтарына эле бир топ чыгымга дуушар болуудабыз. Ал эми эт саткан жерде деле 6 соодагер бар. Аларды ооз жагына чыгарып, калган жер-жемиш, жашылча-жемиш, кондитердик азыктарды саткан соодагерлерди толугу менен эт саткан жайга көчүргөнү турабыз. Ошондо санитардык нормалар дагы толугу менен сакаталат” – деди базардын администратору.

Базар 2021-жылдын апрель айында ачылган. Негизинен азык-түлүк сатууга багытталган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>