Салык кызматы: “Таатан” соодагерлери коомду адаштырууга аракет кылууда

Салык кызматы: “Таатан” соодагерлери коомду адаштырууга аракет кылууда

Кечээки Бишкекте митингдин уюштуруучулары жеке кызыкчылыктарын коомдук кызыкчылыктардан жогору коюп, атайылап коомчулукту үгүттөп, адаштыруу аракетин кылып жатканы айдан ачык. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда айрымдар салык мыйзамдын талаптарын бүтүндөй бизнеске кысым жасоо катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Салык органдарынын кызматкерлери тарабынан KKMди колдонуунун тартиби жана эрежелерин «Таатандын» ар бир соодагерине керектүү түшүндүргөнбүз. Ошол эле учурда субъекттер эч кандай түшүнбөстүктөр жана каршы пикирлерин билдиришкен эмес.

Учурда ККМдин эки түрү колдонулуп жатат – аппараттык жана программалык. Смартфонго, планшетке жана компьютерге программалык ККМди жүктөө акысыз ишке ашырылат, бул аппараттык ККМдын кыйла жеткиликтүү альтернативасы болуп саналат. Ишкер болгону чекти керектөөчүгө берүү үчүн чек чыгаруучу принтерди гана сатып алат.

Мыйзамга ылайык, “Таатандагы” ишкерлер 2021-жылдын 1-июлунан тартып жаңы стандарттарга жооп берген контролдук-кассалык машиналарды колдонууга милдеттүү. Ал эми 20 чарчы метрге чейинки соода аянтчасы бар соода түйүндөрү үчүн ККМди колдонуу мөөнөтү 2022-жылдын 1-апрелинен тартып белгиленген.

Бишкектеги “Таатан” соода борборунда 208 ишкердик субъект иштейт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>