Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат Мамлекеттик салык кызматынын жооптуу кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык схемаларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында К.А.А. аттуу инспектор тарабынан опузалап акча талап кылуу жана документтештирүү фактысын аныктады.
Тактап айтканда, КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-берененин 3-бөлүгү («Өзгөчө ири өлчөмдө опузалап пара талап кылуу») боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 14-январда жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында 500 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурда МСКнын инспектору К.А.А. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.
Учурда тиешелүү тергөө – ыкчам иш-чаралар улантылууда.