Самаркандекте курулган жаңы ооруканада 5 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Самаркандекте курулган жаңы ооруканада 5 ымыркай жарык дүйнөгө келди

Баткендин Самаркандек айылында жаңы салынган ооруканада 5 ымыркай жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын үчөө уул, экөө кыз.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев көз жарган энелерден кабар алган. Алимбаев энелерди куттуктап, наристелерге узун өмүр, бекем ден соолук каалаган. Ымыркайлардын кыргыз элинин сыймыктуу уул-кыздарынан болушуна тилектеш экенин билдирген облус башчысы белектерин да тапшырган.

«Оорукана облус борборунан 50 чакырым алыстыктагы чек ара айылдарынын калкына медициналык кызмат көрсөтөт. Белгилей кетсек, оорукана 11-декабрда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилген», — деп айтылат маалыматта.

Аталган оорукана чек арада жайгашкан Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр  айыл аймактарынын тургундарын тейлейт. 75  орунга ылайыкталган оорукананын курулушу президенттин фондунан каржыланган.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>